Ӱ

Реалдуулукта аман калуу боюнча инструкция. Эмне үчүн социология дал бүгүнкү күндө маанилүү?

Реалдуулукта аман калуу боюнча инструкция. Эмне үчүн социология дал бүгүнкү күндө маанилүү?

18&Բ;апреля&Բ;2025

#социология#sociology#soc

Эмне үчүн социология дал бүгүнкү күндө маанилүү?

Анткени ал бизге жашап жаткан ааламыбызды көрүү, түшүнүү жана түшүндүрүп берүү үчүн шаймандарды берет. Ал эми эртең ал мындан да маанилүүрөөк болуп калат, себеби келечек бизден татаал чечимдерди кабыл алууну талап кылууда: технологиялар, адилеттүүлүк, иденттүүлүк, туруктуулук жөнүндө. Коомду терең түшүнбөстөн туруп мындай чечимдерди кабыл алуу мүмкүн эмес.

Социология бизге эмне берет?

Социология интервью менен да, big data менен да иш алып барат. Ал бизнеске өз кардарларын түшүнүүгө, жаңы азыктар менен долбоорлорду иштеп чыгууга, эффективдүү стратегияларды түзүүгө жардам берет. Социология - бул изилдөө, анализдөө жана өзгөртүү керек болгон реалдуулук.

Баарынан да бүйүр кызытканы эмне?

Сиз баштоочу болуп каласыз. Коомдо эмнелер болуп жатканы тууралуу уникалдуу билимдерди алган биринчи адам болосуз. Сиз жаңы билимди жаратасыз - изилдөөлөр, макалалар, китептер, подкасттар жана документалдык тасмалар аркылуу. Мындай билимдер сиздин ааламыңызды өзгөртүшү мүмкүн.

БААУнун “Социология” факультетинде студенттер жөн гана билимдерди эмес, а глобалдык мүмкүнчүлүктөр үчүн ачкычты алышат.

Биздин бүтүрүүчүлөр дүйнөнүн алдыңкы магистратура менен докторантураларында билим алууларын улунта алышат, БУУ, Бүткүл дүйнөлүк банк, аналитикалык борборлор, өкмөттүк эмес уюмдар, бизнес жана мамлекеттик түзүмдөрдө ийгиликтүү карьера кура алышат.

Окутуу программасында эмнелер күтөт?

  • Дүйнөнү өзгөртүүгө жардам берген курстар - социалдык теңсиздик, үй-бүлө жана гендер, ааламдашуу жана миграция, экономика жана саясат, асоциалдык жүрүм-турум жана башкалар.
  • Келечектин ыкмалары - аналитика, маркетинг, персоналды башкаруу жана социалдык долбоорлордо суроо-талапка ээ изилдөөлөрдүн сандык жана сапаттык ыкмаларын иликтөө.
  • Заманбап шаймандар менен иштөө - маалыматтарды анализдөөнүн SPSS, MAXQDA жана башка ыкмалары. Мунун баары бүтүрүүчүлөрдү Эл аралык рыноктор атаандаштыкка бекем кылат.

Билим алууга 100% арзандатуу кабыл алуу сынактарында эң жогорку упайга ээ болгон абитуриенттерге берилет.

  • Сурап-билүү телефондору: +996 507 318 570 (WhatsApp)
  • E-mail: soc@auca.kg

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028