“Бизнести башкаруу” (МВА) магистратурасы
28&Բ;июля&Բ;2025
БААУнун 2 жылдык МВА магистратурасы карьералык өсүп-өнүгүү жана бизнести өнүктүрүү үчүн зарыл болгон башкаруучулук ыкмалардын кенен спектрин алууну каалаган адистер менен менеджерлерге багытталган. Кечки мектеп жумуш менен окууну айкалыштырууга мүмкүнчүлүк берет.
Окутуу программасы интенсивдүү жана инновациялык болуп, өзүнө бизнес билим берүүдөгү жаңы ыкмаларды кошуу үчүн тынымсыз жаңыланып турат. Теориялык жана практикалык интерактивдүү курстардын ортосунда баланс сакталат: лекциялар, семинар-дискуссиялар, топтук долбоорлор, конок лекциялары, стратегиялык ишкерлик оюндар, кейстер.
Бүтүрүүчүлөр ар кандай тармактарда жумушка орношуу боюнча жакшы мүмкүнчүлүктөргө ээ. Алар бизнестин негиздерин жакшы өздөштүрүп, тажрыйба арттыруу жана долбоорлордун үстүндө иштөө учурларында практикалык тажрыйба арттырышкан. Көпчүлүк бүтүрүүчүлөр каржы, маркетинг жана менеджмент тармактарында өзүлөрүнүн ыкмаларын көрсөтүү менен KPMG, PWC, EPAM, MBANK, KICB, DemirBank, Coca-Cola, Adysh-Ata (суусундуктарды чыгаруучу компания) сыяктуу жергиликтүү жана Эл аралык компанияларда ийгиликтүү карьера жасап келишет.Мектептин тармактагы кенен байланыштары бүтүрүүчүлөргө атаандаштыкка туруштук берген эмгек рыногунда кызматтарга жетүүгө шарт түзөт. Мындан тышкары бүтүрүүчүлөр ишкерлик менен алектенишет, өз бизнестерин ачышат жана муну менен өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошуп келишет. Жалпысынан мектеп жасаган билимдерди реалдуу жашоодо колдонууга басым бүтүрүүчүлөрдү ар тараптуу карьералык мүмкүнчүлүктөргө даярдайт.
Программа тууралуу бардык маалыматтар сайтта: https://seba.auca.kg/master-of-business-administration.
Электрондук почта: mba@auca.kg.