Ӱ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

“Таланттарды башкаруу жана уюмдарда адамдык потенциалды өнүктүрүү” (ТАЛАНТ) магистратурасы

29&Բ;июля&Բ;2025

TALENT — БААУнун адамдык ресурстарды башкаруу жана таланттарды өнүктүрүү тармагында адистерди даярдоого багытталган уникалдуу магистрдик программасы.

Программа “Борбордук Азияда адамдык ресурстарды башкаруу жана таланттарды өнүктүрүү боюнча магистрдик программаларды жаратуу” Эл аралык долбоорунун алкагында иштелип чыккан. Долбоор Европа Биримдиги тарабынан Erasmus+ программасы аркылуу каржыланат. Окутуу планы бул тармакта көп жылдык тажрыйбасы бар Европанын ар кандай өлкөлөрү менен тыгыз кызматташтыкта иштелип чыккан. Бул глобалдык жана жергиликтүү эмгек рыногунун талаптарына жооп берген практикага багытталган заманбап программаны түзүүгө өбөлгө болгон.

Программада өзгөчө көңүл HR-адиси кесибинин практикалык аспектилерине бөлүнөт. Курстар салттык темалар (уюштуруучулук жүрүм-турум, персоналды стратегиялык башкаруу) менен катар лидерлик, карьераны өнүктүрүү, өзгөрүүлөрдү башкаруу жана коропоративдик маданият сыяктуу актуалдуу маселелерди кучагына алат.

TALENT — бул жөн гана академиялык окутуу эмес, бул ийгиликтин башкы ресурсу катары адамдык потенциалды издөө жана өнүктүрүү менен өз уюмдарынын келечегин калыптандырууга жөндөмдүү кесипкөйлөрдү даярдоо.

Толук маалымат: https://auca.kg/en/talent_grad/.

Электрондук почта: talent@auca.kg.

<< Назад к списку