Компьютерлер менен камсыздоого тендер
6&Բ;октября&Բ;2025

Борбордук Азиядагы Америка университети компанияларды №1 тиркемеге ылайык 50 компьютер менен камсыздоо тендерине катышууга чакырат.
Тендерге катышуу үчүн керектелүүчү талаптар менен документтердин тизмеси:
- Уставдын көчүрмөсү.
 - Каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү.
 - Башкы директорду дайындоо тууралуу жыйналыштын протоколунун көчүрмөсү.
 - Компаниянын жетекчисинин инсандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү.
 - Эгер талапкер КНС төлөөчүсү болсо, анда салык кызматынан КНС төлөөчүсүнүн каттоо тууралуу документ
 - Соңку 2 жыл аралыгында ушул сыяктуу сатуулардын тажрыйбасын тастыктоо
 - Кардарлардан 2 сунуштама кат.
 - Сунушталган азыктын техникалык спецификациясы, анда баасы көрсөтүлүп, кол коюлуп, мөөр басылган болуусу абзел.
 - Сунушталып жаткан азыктын техникалык параметрлери сатып алып жаткан уюмдун талаптарына жооп берүүсү кажет.
 - Баалар бардык салыктар (КНС өзүнчө көрсөтүлүүсү керек), мөөнөттөрду эске алуу менен.
 - Соцфонддон карызы жок экендигин тастыктаган билдирме
 - Салык кызматынан карызы жок экендиги тууралуу билдирме
 - Экономика министрлигинен катышуучуга карата банкроттуулук процедурасы өткөрүлүп жатпагандыгын тастыктаган билдирме.
 
Мөөнөттөр боюнча талаптар:
Өтүнмөдө сатуунун мөөнөттөрү так көрсөтүлүүсү керек.
Жеткирип берүү боюнча талаптар:
Өтүнмөдө сатылып жаткан жабдуулардын баалары бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлүүсү керек.
Кызыкдар компаниялар тендерге катышуусун тастыктаган электрондук каттарын revin_s@auca.kgжанаsorokin_a@auca.kg даректерине реквизиттерин жана байланыштарын белгилөө менен жөнөтүүсү керек.
Тендердик өтүнмөгө кепилдик камсыздоо талап кылынбайт.
Байланыш үчүн:
Ревин Сергей Петрович
ИТ-активдерди башкаруу боюнча улук администратор
БААУнун Маалыматтык технологиялар департаменти (МТД)
Тел.: (+996) уюлдук телефон.: 0555 419491
Email: revin_s@auca.kg
№1 тиркеме: