Ӱ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУнун китепканасында “Кыргыз тилинин практикалык грамматикасынын” бет ачары өткөрүлдү

15&Բ;декабря&Բ;2025

БААУнун китепканасында улук окутуучулар Зарипа Самудинова жана Андрей Красниковдун үч томдук “Кыргыз тилинин практикалык грамматикасы” эмгегинин бет ачары болуп өттү. Авторлор китептин үстүндө 10 жыл эмгектенгенин айтышып, чыгарма акыры быйыл ноябрда жарыкка чыккан. Үч томдук китепте алар материалды системалаштырып гана тим болбостон, кыргыз тилинин сулуулугун көрсөтүүгө аракет жасашкан. Авторлор сөздөрдү чакан бөлүкчөлөргө ажыратып чечмелөө менен окурмандарга алардын түзүмүн терең түшүнүү, ички логикасын түшүнүү жана иликтөө үчүн эң бир ыңгайлуу жана аң-сезимдүү жол табууга жардам берет. Бет ачар учурунда кыргыз тилин окутуу көйгөйлөрү тууралуу көп сөз болду. Балдардын тилди үйрөнүп баштаганда чоң кызыгуу менен киришип, бирок кыйынчылыктарга, теориялык базанын жетишсиздиги же жоктугуна кабылганда тез арада мотивацияны жоготуп алуусу белгиленди. Натыйжада окутуу тексттерди жаттоо жана механикалык котормого барып такалууда. Ошондой эле мугалимдер окуу куралдарындагы тексттер иликтенип жаткан материалдын татаалдык деңгээлине төп келбей, тескерисинче процессти кыйындаткан учурлар жок эмес экенин айтышты.

Кыргыз тилин үйрөнүү тажрыйбасы менен Зарипа Самудинованын студенттери бөлүштү. Алар берилген ыкманын негизинде тилдин кооздугун көрө алышканын, сүйлөмдөрдүн куралганын жакшы түшүнүшкөнүн жана эң негизгиси кыргыз тилин жакшы түшүнүп, сүйлөй башташканын билдиришти.

Авторлор “Кыргыз тилинин практикалык грамматикасында” ар кандай сүйлөмдөрдүн грамматикалык түзүлмөлөрүнүн өз-ара байланышын көрсөтүп, тилди жандуу жана бүтүн система катары кароо менен “функционалдык сабаттуулук” түшүнүгүнө кайрылышат.

Өз бет ачарында кыргыз тили жана адабияты окутуучусу, К. Карасаев атындагы БГУнун аспиранты Андрей Красников тилди мектепте окутуу тажрыйбасын жалпылады. Ал балдарга баарынан да эмне жагарын жана алар эмнеден кыйналарын айтып берди. Мындан тышкары ал функционалдык грамматиканы пайдалануу менен кыргыз жазуучуларынын чыгармаларына жасалган анализдин жыйынтыктары менен тааныштырды. Эмгек менен БААУнун китепканасынан таанышууга болот.

<< Назад к списку