Мектеп мугалимдери үчүн каржылык сабаттуулук боюнча семинар
22&Բ;декабря&Բ;2025

БААУда жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери үчүн кезектеги усулдук сабак өткөрүлдү. Аны буга чейинкидей эле БААУнун Жарандык активдүүлук борбору жана “Колдонмо математика жана информатика” факультети уюштурду.
Анда “Колдонма математика жана информатика” факультетинин профессору Сыргак Капарович Кыдыралиев “Каржылык сабаттуулукка карай алгачкы кадамдар 2-5-класс” окуу колдонмосун тартуулады. Белгилей кетсек, эмгек ЮНЕСКОнун Алматыдагы Аймактык кеңсесинин жана билим берүү тармагында сапаттын кепилдиги боюнча EdNet агенттигинин колдоосу астында иштелип басылып чыккан.
Иш-чаранын катышуучуларына БААУнун Жарандык активдүүлүк борборунун аткаруучу директору Нуржамал Карамолдоева кайрылды. Ал университеттин салтка айланган алгачкы эки миссиясы – окутуу жана илимий изилдөөлөрдөн тышкары БААУ үчүн үчүнчү миссия да маанилүү экенин белгиледи. Ал – социалдык. Университет өзүн коомго позитивдүү өзгөрүүлөрдү алып келген активдүү коомчулук катары көрсөтүп келет. Андыктан кеп болуп жаткан сабак ушул сыяктуу өзгөрүүлөрдүн шаймандарынын бири. Анткени дал билим берүү аркылуу мамлекеттин келечеги калыптанат. БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору кызматташууга жана ушул сыяктуу иш-чараларды Кыргызстандын башка аймактарында да өткөрүүгө даяр.
Өз кезегинде БААУнун китепканасынын директору Жылдыз Бекболаева китепкана Сыргак Капаровичтин жана Жарандык активдүүлүк борборунун аймактарда семинарларды өткөрүү демилгелерин колдоого дайым даяр экенин кошумчалады. Аймактардагы өнөктөштүк байланыштар көчмө семинарларды уюштуруу жана мугалимдерге математиканы жана каржылык сабаттуулуктун негиздерин окутуу боюнча заманбап усулдарга жетүүнү камсыздайт.
Окуу колдонмосунун консультанты КРнын Билим берүү министрлигинин Кыргыз билим берүү академиясынын мектепке чейинки жана башталгыч класстарда билим берүү лабораториясынын улук илимий кызматкери Чынара Амановна Аттокурова болду. Өз сөзүндө ал эмгектин актуалдуулугун жана балдарда каржылык сабаттуулуктун базалык ыкмаларын жеткиликтүү жана түшүнүктүү формада калыптандырууда маанилүүлүгүн белгиледи.
Бет ачарында Сыргак Капарович окуу колдонмонун мазмуунуна кенен токтолду. Анын түзүмүн көрсөтүп, кээ бир маселелерин чечмелеп берди. Ошондой эле ал жеке усулдук иштеп чыгуулары менен бөлүшүп, эмгектин материалдарын пайдалануу боюнча практкиалык сунуштамаларды берди. Анын ичинде каржылык сабаттуулук темаларын мектеп сабактарына жана сабактан тышкаркы ишмердүүлуккө интеграциялоо боюнча да. Семинардын катышуучулары “Каржылык сабаттуулукка карай алгачкы кадамдар 2-5-класс” китебин белекке алышты. Мындан тышкары каалоочулар “Каржылык жана инвестициялык эсептердин негиздери”, “Жандуу математика 7-класс” жана “Жандуу математика: Шалгам, Көмөч” китептерине да ээ болушту.





