Ӱ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Кыргызстандын суу ресурстарын изилдөө АКШда AGU конференциясында тартууланды

23&Բ;декабря&Բ;2025

Борбордук Азиядагы Америка университетинин “Экологиялык туруктуулук жана климатология” факультетинин доценти, доктор Сагынбек Орунбаев Кентукки университети жана улуттук өнөктөштөр менен кызматташтыкта “Кыргызстандын түштүк-батышында Фергана өрөөнүнүн айылдык аймактары үчүн булактарды суу менен камсыздоо булагы катары баалоо” изилдөөсүнүн Америкалык геофизикалык союзунун жыл сайын өтүүчү конференциясында жыйынтыктарын тартуулады. Иш-чара Жаңы Орлеан шаарында өттү.

Долбоордун алкагында Баткен облусундагы булактардын ишенимдүүлүгүнө, сапатына жана гидрогеохимиялык мүнөздөмөлөрүнө баалоо жүргүзүлдү. Белгилүү болгондой, аталган аймак климаттын өзгөрүүсүнөн жана айыл-чарбалык сугат иштеринен көз каранды. Талаа ченемдери, суунун үлгүлөрү жана жергиликтүү калкты сурамжылоолор булактардын көбү суунун Эл аралык сапатынын стандартына жооп берүүсүн көрсөттү жана ал суу катмарларынын горизонттору менен азыктанары белгилүү болду. Бул өз кезегинде аларды маанилүү жергиликтүү суу ресурсуна айлантат. Алынган жыйынтыктар булактардын азыктануу аймактарын аныктоого, суу ресурстарын башкарууну өркүндөтүүгө жана илимий чечимдер жана кызыкдар тараптар менен өз-ара аракеттенишүүгө негизделген суу коопсуздугун бекемдөөгө багытталган андан аркы изилдөөлөргө негиз түзөт.

<< Назад к списку