БААУда интеллектуалдык менчик боюнча тренинг өткөрүлдү
22&Բ;апреля&Բ;2026
#китепкана#библиотека#library#Ӱ Library

2026-жылдын 15-апрелинде БААУнун китепканасында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте студенттер үчүн тренинг өткөрүлдү. Тренинг Эл аралык автордук укук күнүнө арналды.
Сессия интеллектуалдык менчиктин жана автордук укуктун негиздерине көңүл буруп, алардын академиялык жана профессионалдык контексттеги актуалдуулугун баса белгиледи. Тренинг адиси Динара Баякунова студенттерге интеллектуалдык эмгектер кантип корголот жана мыйзам тарабынан кантип колдоого алынаарын айтып берди. Сессия ошондой эле оригиналдуу эмгекти сактоо жана интеллектуалдык менчикти келечектеги карьералык өсүштүн куралы катары колдонуу боюнча практикалык көрсөтмөлөрдү берди.
Китепкана студенттердин изилдөөдөгү укуктук жана этикалык стандарттарды түшүнүүсүн бекемдөө үчүн ушул сыяктуу демилгелерди уюштурууну улантуунуу көздөйт.